Өрт-куткаруу спорту боюнча мелдеш өтүүдө

ӨРТ-КУТКАРУУ СПОРТУ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТҮҮДӨ
Бүгүн Борбор калаадагы Динамо стадионунда “Газпром Кыргызстан” ишканасы тарабынан уюштурулган өрт-куткаруу спорту боюнча мелдеш башталды.
Шамдагайлыкты жана спорттук чеберчиликтин жогорку даярдыгын талап кылган бул мелдеште ишкананын облустардагы филиалдарынан жалпы 8 команда ат салышууда.
Ошондой эле оюндан сырткары дүйнөлүк деңгээлдеги аталган спорттун түрү боюнча өткөн мелдешке катышып келген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курама командасы, Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун атынан бир команда катышты.
Бүйүр кызыткан спорттук иш-чарада ӨКМдин Куткаруу кызматы тарабынан мектеп окуучуларынан түзүлгөн “Жаш куткаруучулар” командасы да күч сынай алышты. Белгилей кетсек аталган топ ушул жылдын июль айында Азербайджан өлкөсүндө өтүүчү мелдешке катышуу алдында турушат.
Ошону менен катар жакынкы август айында Түркияда өтө турчу өрт-куткаруу спорту боюнча дүйнөлүк мелдешке Кыргызстандын атынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курама командасы катышат.
Ал эми Бишкекте Газпром Кыргызстан” ишканасы уюштурган спорттук иш-чара 25-26-май күндөрү өтүп, алар өрт-куткаруу спортунун:
– 4 кабаттуу окутуу мунарасына шаты менен чыгуу;
– 100метр аралыкты тоскоолдуктар аркылуу өтүү;
– 400 метр өркө каршы эстафета;
– күжүрмөн жайылтуу түрлөрү боюнча өтөт