Өрт-психикалык тилке – адам өмүрүн куткарууга туура багыт алууга үйрөтөт

ӨРТ-ПСИХИКАЛЫК ТИЛКЕ – АДАМ ӨМҮРҮН КУТКАРУУГА ТУУРА БАГЫТ АЛУУГА ҮЙРӨТӨТ
24-майда ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгында өрт өчүрүүчүлөр атайын өрт-психикалык тилкеден жана түтүндөн коргоонуу даярдыгынан өтүштү. Ага аталган башкармалыктын башчысынын орун басары, полковник Сталбек Абдылда уулунун жетекчилиги менен борбор калаага тиешелүү кароолдордун өздүк курамы жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери катышышты.
Полковник Сталбек Абдылда уулунун айтымында, аталган машыгууда 2 кароолдун өздүк курамы өрт тилкесинде психикалык абалын, физикалык даярдыгын сынап, өрттү өчүрүүдөгү күжүрмөн кырдаалга жөндөмдүүлүктөрүн камсыз кылышат. Мындан сырткары өрт өчүрүү кызматына жаңы киришип жаткандар жана студенттер коркуу сезимдерин жоготуу үчүн ири өрткө жакындаштырылган психикалык тилкеде өздөрүн сынашат.
Ошондой эле ири өрткө жакындаштырылган атайын тилкеде өрт өчүрүүчү-куткаруучунун мүнөзү, күжүрмөндүк сезими калыптанып, түтүндүү чөйрөдө ыкчамдык менен адам өмүрүн куткарууга туура багыт алууга үйрөнөт. Өрт өчүрүүчүлөрдү кырсык катталган аймакта кыйынчылыктарды билгичтик менен жеңип, өздөрүн алып жүрүүгө тарбиялайт. Машыгууда студенттер тажрыйбалуу өрт өчүрүүчүлөргө кошулуп, өрт-психикалык тилкесинен өтүштү.
Белгилей кетсек, жылына 4 жолу өтө турган мындай машыгууда куткаруучулар жана өрт өчүрүүчүлөр психикалык жана физикалык жактан даярдыгы жогорулатылат.