Өрт-тактикалык машыгуу өттү

Бүгүн “Ош” базардын, «Кыял» МИ, “Берекет” ЖАК аймагында өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү, анын эң башкы максаты өрт кырсыгы болгон учурда калкты жана аймакты коргоо, ошондой эле эл көп чогулган объекттерде өрт жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу.

Иш чарага Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 12 кызматкер, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык башкармалыгынан 4 кызматкер тартылды.