Өрт-тактикалык машыктыруу өткөрүлдү
Нарын шаары жана Нарын району боюнча ӨКБнун тарабынан Нарын шаарындагы У.Асанов атындагы мектеп лицей-интернатында өрт тактикалык машыктыруу өткөрүлдү.
Окуучулар жана мугалимдер үчүн өрт коопсуздук эрежелери жана өзгөчө кырдаалдар жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул машыгууга 1 өрт өчүрүүчү автоунаа, 1 авариялык куткаруу унаасы жана 1 тез жардам унаасы тартылды.