Өрт, жер титирөөдө, суу обьектилериндеги коопсуздук эрежелери окуучуларга үйрөтүлдү

▪️Маанилүү иш-чарага 13 мектептен 700дөн ашуун окуучу катышты
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан райондогу 13 жалпы билим берүү орто мектептин окуучуларына кырсык катталган учурдагы коопсуздук эрежелери, сактануу жана алдын алуу боюнча атайын окуу өткөрүлдү.
Иш чарага жалпы 700дөн ашуун окуучу катышып, ӨК бөлүмүнүн кызматкерлери өрт кырсыгын алдын алуу боюнча коопсуздук эрежелери, жер титирөөдө сактануу, эвакуация жолдору ошондой эле суу объектилериндеги коопсуздук эрежелери тууралуу маалымат беришти.
Ага катар эле окуучулар да өз кезегинде өзүлөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.