Өрттөн бир жаран каза болду

27-февраль күнү Биринчи май районунун Манас көчөсүндө жайгашкакн турак үйдөн өрт чыккан.

Жерине өрттү өчүрүүгө №8 ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 22:05 өрт чектөөгө алынып толук 22:32 өчүрүлдү.

❗❗Кырсыктын кесепетинен  49 жаштагы К.А.   аттуу эркек кишинин күйүп калган жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Жалпы 20 ч.м. курулуш чарбанын чатыры толугу менен күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.