Өрттөн бир жаран каза болду

Бүгүн түнкү саат 02:14 чамасында Биринчи Май районунун Васильевский тракт көчөсүндө жайгашкан автобазасынын аймагында курулуш фирмасынын кампасынын 50 ч.м. ички жасалгасы күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө №4 ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 02:43 өрт чектөөгө алынып, толук 05:17 өчүрүлдү.
Өрттүн кесепитинен К.Н. 45-50 жаш чамасында эркек кишинин жансыз денеси табылган жана ИИМ кызматына өткөрүлүп берилди.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.