Өрттүн кесепетинен 3 адам жабыркады

Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жалпы аянты 360 ч.м. болгон турак үй толугу менен күйүп, өрт жанында жайгашкан үйгө өтүп жыгач устундуу шифер менен жабылган үйдүн 70 ч.м. чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен (1962-ж.т. К.Н,-эркек 1985-ж.т. К. Н, 1965-ж.т. К.А.) 3 жаран жабыркап тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилилген.
Өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү бөлүм жана штаб тартылды.
Чектөө убактысы: 02:45.
Толук өчүрүү убактысы: 06:02.
Өрттүн себеби такталууда.