Өрттүн кесепетинен бир жаран каза болду

6-март күнү Сокулук районунун Западное айылы, Октябрь көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

▪️Жерине өрттү өчүрүүгө №7 ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү унаасы бөлүмү тартылып, өрт 23:43 чектелип, толук 01:10 өчүрүлдү.

Өрт кырсыктын кесепетинен 51 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Жансыз денени ИИМ кызматкерлерине өткөрүуү берилди.

▪️Жалпы аянты 24 ч.м. болгон вагон толугу менен күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.