Өрттүн кесепетинен эки жаран жабыркаган

27-март күнү Биринчи Май районунун  Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан  курулуш чарбасынын жыгач устундуу шифер менен жабылган 40 чарчы метр чатыры күйгөн.

Жерине №5 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн бир бөлүмү тартылган.

Өрттүн кесепетинен 2 эркек киши күйүк алып, тез жардам кызматы менен күйүк борборуна жеткирилген. Учурда аты-жөнү такталууда.

Өрт 23:27де чектөөгө алынып, толук 23:44тө өчүрүлдү.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.