Өрттүн кесепетинен үй ээси каза болду
Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 112 кызматын түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 03:50дө Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм, кошумча саат 04:15те №4 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм, 1 суу ташыгыч унаа, саат 04:42де Штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 05:45те чектөөгө алынып, саат 07:07де толук өчүрүлдү.
Жалпы аянты болжол менен 130 ч.м. жыгач устундуу шифер жабылган турак үй толугу менен өрттөндү. Ошондой эле үйгө кошулган сарай.
Өрттүн кесепетинен 1949-жылы туулган Л.О.А. аттуу үй ээси каза болгон.
Учурда өрттүн себеби такталууда.

