КР ӨКМине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” Баткен облустук бөлүмүнүн башчысын орун басары кызмат ордуна
Башкы административдик мамлекеттик кызмат орунга квалификациялык талаптар белгиленет:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку кесиптик билим, төмөнкү багыттар боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш жана курулуш
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Суу жөнүндөгү”; «Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө»
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун: 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө”; 2018-жылдын 22-ноябры № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”
— Гидротехникалык курулуштар. Негизги жоболор. МСН 33-01-12; Гидротехнические сооружения. Основные положения проектирования (МСН 3.04-01-2005, СНиП 2.06.01-86); Суу каптоодон инженердик коргоону СНиП 2.06.15-85; Гидротехника. Негизги түшүнүктөр. Терминдер жана аныктамалар ГОСТ 19185-73; Правила эксплуатации противоселевых сооружений. Основные положения РД 33-3.2.05-88; Рекомендации по конструированию продольных дамб в условиях горных рек Кыргызстана Бишкек – 1991г.
3.2. Билгичтиги:
— коргоо курулмаларын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча мыйзамдык жана ченемдик укуктук актыларды, көрсөтмөлөрдү жана методикалык материалдарды билүү;
— аткарылуучу иштердин түрлөрүн, өндүрүштүн технологиясынын негиздерин жана уюмдун өндүрүштүк пландоосун уюштуруун билүү;
— оңдоо-курулуш иштеринин өндүрүштүк программаларын жана календарлык графиктерин иштеп чыгуунун тартибин билүү;
— эмгекти коргоо, коопсуздук чаралары, өндүрүштүк санитария жана өрткө каршы эрежелерди жана ченемдердин билүү;
— долбоорло сметалык документтерди түзүү, чийме чийүү;
— селди коркунучсуз өткөрүү үчүн коргоочу курулмаларды өз убагында даярдоо жана кырсыктан алдын ала сактоону, же кырсыкты жок кылуу үчүн иш чараларды өткөрүү;
— дефектный актылар, сметаларды жана иш чаралар боюнча зарыл жумуштар түзүү;
— аналитикалык иш — кагаздарды түзүү;
— презентация жасоого жөндөмдүү
3.3. Көндүмдөрү:
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоноо билүү;
— геодезиялык инструменттерде иштөө, тиешелүү жайларды сүрөткө түшүрүү
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
- Арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;
- Өмүр баян;
- Өздүк баракча сүрөтү менен;
- Паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документтинин көчүрмөсү;
- Эмгек китепчисинин көчүрмөсү, кесиптик билиминин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.
Документтерди сынак жарыяланган күндөн тартып 10-жумушчу күнүнөн кечиктирбестен кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек.
Дарек: Ош шаары, Муминова көчөсү,11; 1этаж, 13 кабинет, телефон: 0555112695