Сүйүнчү! 16 жаштагы түрк жигити аман-эсен куткарылды!



Кыргыз куткаруучуларына издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн бөлүнгөн тилкедеги кыйраган имараттын урандыларынын астынан кыргыз-түрк биргелешкен издөө иштеринин натыйжасында аман калган адам чыгарылды!
Кубанычтуу окуя Түркиянын Кахраманмараш шаарынын “Он эки субхат махалеси” аталган райондо болду.
Куткарылган адам ошол кыйраган имараттын 5 кабатында жашаган 16 жаштагы түркия жараны экени айтылды.