Сакыев Даурбек Джоомартович КР ӨКМнин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башчысы болуп дайындалды
Мындай жарлыкка Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Төмөндө Даурбек Сакыевдин эмгек жолу:
– 2003-ж. август 2004-ж. июнь – Ысык -Ата райондук билим берүү башкармалыгында мугалим;
– 2004-ж. июнь 2005-ж. июнь – Чүй облустук жарандык коргонуу башкармалыгында башкы адис;
– 2005-ж. июнь 2010-ж. май Өзгөчө кырдаалдардын мониторинги, болжолдоо жана калдык сактоочу жайлар менен иштөө департаментинде жетектөөчү адис, башкы адис, бөлүм башчы;
– 2010-ж. май 2011-ж. октябрь КР ӨКМдин алдындагы Атомдук жана радиациялык коопсуздугу боюнча агенттигинде башкы адис;
– 2011- ж. октябрь 2012-ж. апрель КР ӨКМдин Мамтоокентехникалык көзөмөлдөө инспекциясында бөлүм башчы;
– 2012-ж. апрель 2014-ж. декабрь КР Өкмөтүнүн алдындагы экономикалык жана техникалык коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясында Башкармалыктын башчысынын орун басары, башкармалыктын башчысы, башкы инспектор;
– 2015-ж. сентябрь 2016-ж. июль Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасында эксперт;
– 2016-ж. декабрь 2020-ж. сентябрь Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти. Талдоо жана божомолдоо бөлүмүнүн башчысы;
– 2020-сентябрь 2022-ж. март Талдоо жана божомолдоо башкармалыгынын башчысы