“Семетей” кинотеатрында өрт тактикалык машыгуу болуп өттү

26-март күнү КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан белгиленген иш пландын алкагында, “Семетей” кинотеатрында өрт тактикалык машыгуусу өткөрүлдү. Машыгуунун максаты – Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин атайы токтому менен бекитилген “Мекеме-уюмдардын, ишканалардын ыктыярдуу өрттөн сактоо курамалары жөнүндө” жобосуна ылайык, “Семетей” кинотеатрында эмгектенген кызмат адамдарынан ыктыярдуу өрт кошуунун өзгөчө кырдаалдар, кырсыктар, өрт катталган учурдагы атайын кызматтар келгенге чейинки аракеттерине баа берүү.

Машыгуунун жүрүшүндө “Семетей” кинотеатрынын 4-кинозалынын сахнасынан өрт чыгып, көрүүчүлөр отурган тарапка өтүү коркунучу жаралган. Ыктыярдуу өрттөн сактоо кошуундары өз милдеттерин аткарууда чыккан өрт боюнча “112”, “101” кызматына кабар берүү, адамдарды эвакуация кылып коопсуз жайга чыгаруу, кинотеатрдын имаратындагы уюштурулган өрт өчүрүүчү шаймандарды пайдалануу менен өрттү өчүрүүгө кам көрүүдө алгоритми туура эмес аткарылган. Андан тышкары, кинотеатрдын аймагындагы суу гидранты бузук абалда кароосуз калган, имараттын электр чубалгыларын тартуу эрежелери бузулган, экинчи кабаттагы ички суу крандарында тийиштүү шаймандары, суу жеңчелери жок, түндүк жана түштүк тарабынан чыгуучу кошумча эшиктер ар кандай буюмдар менен тосулган. Машыгуунун жыйынтыгында, аныкталган кемчиликтер боюнча техникалык инженерине кыска аралыкта жоюу милдеттендирилди.

КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Өрттү өчүрүү алдын алуу жана авариялык куткаруу иштери боюнча бөлүмүнүн офицерлери тарабынан кинотеатрдын кызматкерлерине, машыгууга катышкан жарандарга өзгөчө кырдаал, өрт кырсыгы катталган учурда өзүн алып жүрүү, биринчи аракеттерди көрүү, жалпы өрт коопсуздук эрежелери тууралуу түшүндүрүлүп, нускама өтүлдү.

Возможно, это изображение (4 человека, военная форма и на открытом воздухе)

Возможно, это изображение (10 человек и на открытом воздухе)

Нет описания фото.