Шайлоо тилкелеринде өзгөчө кырдаал катталган жок

“Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан шайлоо тилкелеринде  өзгөчө кырдаал жана өрт кырсыктар катталган жок.

Ар бир шайлоо тилкесинде шайлоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн КР ӨКМнин 2800дөн ашуун куткаруучу жана 219 техника тартылган.

Шайлоо тилкелеринде өзгөчө кырдаалдар, өрт кырсыгы катталган жок” – бул тууралуу КР ӨКМнин Жарандык коргонуу Башкы башкармалыгынын башчысы подполковник Ы.Жолдошбаев билдирди.

Эскертип кетсек, ӨКМдин кызматкерлери ЖК шайлоо күнүнө карата күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.