Шашылыш билдирүү

2022-жылдын 11-12-августарында туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
🌦11-августта күндүз Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы
Бүгүн Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда , Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чуй облусунда 26…31,
Талас облусунда 24…29,
Баткен облусунда 30…35
Ош, Жалал-Абад 30…35,
Ысык-Көл 24…29,
Нарын 24…29.
Бишкек шаарында күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү жогорку температурасы 29…31° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү жогорку температурасы 35…37° жылуу болушу күтүлөт.