Шашылыш билдирүү!

1-октябрда күндүз Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: 1-октябрда күндүз Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 16…21°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 9…14°, тоолуу райондордо 1…6°, бийик тоолуу райондордо -1…+4° ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Урматтуу жарандар!

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 2-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында айрым жерлеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк мөмө-жемиштерге, жашылчаларга, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунуч жаратат.

Ошондой эле алыска жол жүрүүчүлөр зарылчылыгы жок болсо, жолго чыгууну убактылуу токтотуп койгонуңуз туура.