Шашылыш билдирүү!
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!
9-февралынан 11-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуу ашуусу ), Суусамыр-Талас-Тараз 1-14-чакырымдарында, (Өтмөк ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 70-107-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-113-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
