Шашылыш билдирүү


2023-жылдын 19-февралынан 22-февралына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош автоунаа жолунун 121-138-чак. (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чак. (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), 356-358-чак. (Көк-Бел ашуусу), Суусамыр –Талас –Тараз 1-14-чак. (Өтмөк ашуусу), Ала-Бука – Каныш-Кыя автоунаа жолунун 58-113-чак. (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка – Акташ автоунаа жолунун 0-4-чак., Мырза-Аке – Кара-Кулжа –Алайкуу автоунаа жолунун 55-107-чак, Бишкек- Нарын – Торугарт 292-305-чак. (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), 354-358-чак. (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44-чак. (Ийри-Суу тилкеси), 60-94-чак. (Кара-Гөө ашуусу), Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун 1-14 жана Ош – Сары-Таш – Эркештам автоунаа жолунун (Талдык ашуусу), 160-179-чак Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолунун 98-136-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.