Шашылыш билдирүү

❗❗❗ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ
2023-жылдын 6-мартынан 9-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун
198-265 чакырымдарында “Чычкан” капчыгайы, “Ала-Бел” ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
🔺️Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
☎️Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.