Шашылыш билдирүү!

🔴ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!
2023-жылдын 15-мартынан 19-мартына чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
❗️Бишкек-Ош унаа жолунун:
121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),
198-260 чак. (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
❗️Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун: 1-14 чак. (Өтмөк ашуусу);
❗️Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун: 70-107 чак.;
❗️Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чак. (Ийри-Суу тилкеси), 60-94 чак. (Кара-Гөө ашуусу);
❗️Арал-Миң-Куш унаа жолунун: 1-14 чак.;
❗️Каракол-Эңилчек унаа жолунун: 45-50 74-86 чак. (Чон-Ашуу ашуусу);
❗️Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун: 52-68 чак. (Сөөк ашуусу);
Урматтуу жарандар! Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
📌Кырсык катталган учурда “112” бирдиктүү номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.