Шашылыш билдирүү!
2022-жылдын 14-мартынан 18-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталып турат.
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138- чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу)
198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы)
Суусамыр-Талас-Тараз 1-14- чакырымдарында (Өтмөк ашуусу)
Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 68-101 жана 108-113- чакырымдарында
Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4- чакырымдарында
Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында
Бишкек-Нарын-Торугарт 292-305- чакырымдарында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы)
Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44- чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси)
60-94-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу)
Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90- чакырымдарында.
Аталган унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
УНААЛАРДЫН ОРТОСУНДАГЫ 500 МЕТР АРАЛЫК КЫЙМЫЛ ЧЕКТЕЛИШИ ЗАРЫЛ!
Эскерте кетсек: Белгилүү бир жолдогу чектөөлөр тууралуу маалымат алуу үчүн КР ӨКМнин 112 кызматына кайрылыңыз.
Чалуу акысыз.