Шашылыш билдирүү!

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!
ТООЛУУ РАЙОНДОРГО КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ ЖАНА КАР КҮРТКҮСҮ КҮТҮЛӨТ
    Кыргызгидромет кызматынын берген маалыматына ылайык 2023-жылдын 24-майында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Ал эми Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу;
Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында Сөөк ашуусунда тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.