ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!

2022-жылдын 22-мартынан 23-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда,

Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы Төө-Ашууда;

Бишкек – Ош унаа жолунун 198-255-чакырымы – Ала-Бел ашуусунда;

Суусамыр – Талас – Тараз 1-14-чакырымы Өтмөк ашуусунда;

Ала-Бука – Каныш -Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда;

Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымында;

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымында;

Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун Талдык ашуусунда тагыраагы, 160-179 чакырымында;

Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 136-137-чакырымында Батман-Көл айылында, 147-150 чакырымында Кара-Тейит айылында;

Бишкек – Нарын – Торугарт 292-305 чакырымы – Долон ашуусунда, Кара-Үңкүр капчыгайында;

Казарман – Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымы – Ийри-Суу тилкесинде, 60-94-чакырымы – Кара-Гөө ашуусунда;

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90-чакырымдарында;

Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунун 52-68-чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

ЖҮРГҮНЧҮЛӨРГӨ ЭСКЕРТҮҮ!!!

Аба ырайынын туруксуздугунан улам жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.