ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!
2022-жылдын 24-мартынан 28-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда,
Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),
198-255 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
Суусамыр – Талас – Тараз 1-14 чакырымында (Өтмөк ашуусу),
Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-76, 84-92 чакырымында (Чапчыма ашуусу),
Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымында,
Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 74-95 чакырымында,
Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 160-179 чакырымында (Талдык ашуусу),
Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 136-137 чакырымында (Батман-Көл айылы), 147-150 чакырымында (Кара-Тейит айылы),
Бишкек – Нарын – Торугарт 289-305 чакырымында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы),
Казарман – Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымында (Ийри-Суу тилкеси), 60-94 чакырымында (Кара-Гөө ашуусу),
Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымында,
Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун (Сөөк ашуусу) 52-68 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт жана жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
ЖҮРГҮНЧҮЛӨРДҮН ЭСИНЕ!
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.