Шашылыш билдирүү

2022-жылдын 1-2-апрелдеринде чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138- чак. (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255- чак. (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз 1-14- чак. (Өтмөк ашуусу)

Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-76, 84-92- чак. (Чапчыма ашуусу)

Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4- чак

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-95- чак

Ош-Сары-Таш-Эркештам автоунаа жолунун 160-179- чак. (Талдык ашуусу) Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолунун 136-137- чак (Батман-Көл айылы), 147-150- чак. (Кара-Тейит айылы), Бишкек-Нарын-Торугарт 289-305- чак. (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы)

Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44- чак. (Ийри-Суу тилкеси), 60-94- чак. (Кара-Гөө ашуусу)

Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-48, 65-90- чак. (Чон-Ашуу ашуусу) Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68- чак. (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.