Шашылыш билдирүү: Республика боюнча туруксуз аба ырайы күтүлөт

2022-жылдын 11-мартынан 15-мартына чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт.

▪️Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы,  кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

▪️14-15-мартта абанын температурасы төмөндөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

▪️Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.