Шашылыш билдирүү! Унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар

15.11.2022
🔴ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!
УНАА ЖОЛДОРГО КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮ КОРКУНУЧУ БАР
2022-жылдын 16-ноябрынан 17-ноябрына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 5-14—чакырымдарында (Өтмөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР