ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. жолдор тайгак болуп, муз тоңот!

19-январынан 20-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 92-99-чакырымдарында жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

КР ӨКМ эскертет: күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына байланыштуу, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоого чакырат!