Швейцария өкмөтү климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллардан ашуун каражат бөлүүдө

ШВЕЙЦАРИЯ ӨКМӨТҮ КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮНӨ ЖАНА ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИНЕ ТУРУКТУУЛУКТУ ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН 9 МЛН ДОЛЛАРДАН АШУУН КАРАЖАТ БӨЛҮҮДӨ
Бүгүн, 24-январда Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Оливье Бангертер мырза жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) өкүлү жана өлкөлүк директору Кожиро Накай мырза Швейцария Өкмөтүнүн БУУ ДАТПнын 2023-2027-жылдарга карата Өлкөлүк стратегиялык планына кошкон салымы жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов мырза кол коюуга катышып, аны ишке ашырууга колдоо көрсөтүү жана активдүү катышуу милдеттенмесин билдирди.
Швейцария өкмөтү БУУ ДАТПнын Өлкөлүк стратегиялык пландын элет жериндеги аялуу жамаатардын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана табигый кырсык тобокелдигин кыскартууга багытталган компонентине 9 миллиондон ашуун АКШ доллар бөлүүдө. Бул иш-чараны БУУ ДАТП КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте ишке ашырууда.
Иш чаралар Ош, Баткен жана Нарын облустарын камтып, 250 000 эң аялуу үй-бүлөгө, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына жана улуттук деңгээлдеги мекемелерге кургакчылык, суу ташкын, жер көчкү ж.б.у.с. табигый тобокелдиктерди кыскартууга колдоо көрсөтөт. Ошондой эле, бенефициарларга климат боюнча ишенимдүү жана өз убагында жеткен маалымат таратылып, табигый тобокелдикке каршы пландоо боюнча жардам жана инфраструктуралык колдоо көрсөтүлөт.
Климатка байланыштуу коркунучтарды алдын алуу, ошондой эле анын азык-түлүк жана тамактануу коопсуздугуна тийгизген таасирин азайтуу үчүн табигый кырсык тобокелдиктерин башкаруу боюнча иш-чаралар дагы күчөтүлөт. Калктын аялуу катмарына азык-түлүк таратылып жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө камсыздандыруу куралдары демилгеленип жана табигый кырсыктарга каршы даярдыкты жогорулатуу боюнча окутуулар уюштурулат.