Соода түйүндөрүндө өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иши жүрүүдө

СООДА ТҮЙҮНДӨРҮНДӨ ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТОО БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШИ ЖҮРҮҮДӨ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы кыш мезгилиндеги өрт кырсыгын алдын алуу максатында түшүндүрүү иши жүрдү.
Ага ылайык, кызматкерлер жеке менчик турак үйлөрдө жана соода сатык түйүндөрүн кыдырып, өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча жеринде нускамаларды өтүштү.