Спорттук мелдеште башкы орундар – ӨКМ кызматкерлеринде
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы футболдон 1-ОРУНДУ, аркан тартышта 2-ОРУНДУ ишенимдүү түрдө багындырды. Калаанын биринчилиги үчүн өтүп жаткан спорттук мелдеште футбол боюнча башкармалыктын курама командасы 18 команда менен беттешип, татыктуу оюн көрсөтүштү.
Ал эми аркан тартышта жалпы 9 команда биринчилик үчүн ат салышты.
Маалым болгондой, ушул күндөрү “Бишкек шаарынын мэринин кубогу” үчүн уюштурулган мелдеш спорттун 7 түрү боюнча өтүүдө. Алар: кичи футбол, волейбол, стол тенниси, бильярд, шахмат, дартс, аркан тартыш.
Аталган спорттук иш-чарада ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери спорттун 7 түрүнөн тең күч сыноодо.
Сергек жашоого жана ден соолукту бекемдөөгө үндөп, максат койгон мелдеш 19-ноябрдан 11-декабрга чейин өтөт.





