Сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталды
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ
КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ
2022-жылдын 26-январь, саат 08:00гө карата
КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча,
сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 3,
Ош шаарында – 1,
Ош облусунда – 3,
Чүй облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 1 өрт кырсыгы катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон (1 издөө иши, 2 бекилип калган эшик ачуу).