Сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган

27.01.2022
🔴КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ
КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ
2022-жылдын 27-январы, саат 08:00гө карата,
КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча,
сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган.Такталган маалымат боюнча, Бишкек шаарында – 2,
Ош шаары – 1,
Жалал-Абад облусунда – 4,
Чүй облусунда – 3,
Нарын облусунда – 1,
Ысык-Көл облусунда – 2 өрт кырсыгы катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болуп, куткаруучулар 1 жансыз денени суудан чыгаруу, 4 бекилип калган эшик ачуу, 1 суу түтүкчөсүн оңдоп берүү ишин аткарышкан.