Сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ
КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ
2022-жылдын 31-январь, саат 08:00гө карата
КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча
сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган. ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун маалыматына ылайык, Бишкек шаарында – 7, Чүй облусунда – 2, Талас облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 2, Ош облусунда – 1 өрт кырсыгы катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон .