Сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ
КЫРДААЛ ЖАНА КЫРСЫК БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ
2022-жылдын 21-январь,    саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча
сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган. Маалыматка ылайык,  Бишкек шаарында – 3, Ысык-Көл облусунда – 1, Чүй облусунда – 4 өрт кырсыгы катталган. Алдын ала маалымат боюнча, өрт кырсыгынан адам өмүрүнө коркунуч келтирген учур болгон жок

Куткаруу кызматтары тарабынан  4 кырсыка ыкчам жардам көрсөтүлгөн. Алар: 2 жабылып калган эшикти ачуу, 1 суу каптоого ыкчам чара колдонулган, 1 тыгынга кептелген унааны чыгаруу.