Сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ
КЫРДААЛ ЖАНА КЫРСЫК БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ
2022-жылдын 25-январь, саат 08:00гө карата
КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча
Сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.  Маалыматка ылыйык, Бишкек шаарында – 1, Ош облусунда – 3, Чүй облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1 өрт кырсыгы катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан 9 кырсыка жардам көрсөтүлгөн.