Суу сактагычтан жансыз дене табылды

ЖАЛАЛ-АБАД: СУУ САКТАГЫЧТАН ЖАНСЫЗ ДЕНЕ ТАБЫЛДЫ
Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылында жайгашкан Кайырма суу сактагычында белгисиз адамдын жансыз денеси калкып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине №78 ӨК-КБнөн 3 куткаруучу барып, көлмөдөн чыгарган маалда ал аял киши экени белгилүү болгон.
Маркумдун өздүгүн тактоо жана андан аркы иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн, жарандын жансыз денеси райондук укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.