Суучул куткаруучулардын атайын даярдыгы текшерилди
КР ӨКМдин 2023-жылга карата негизги иш мерчемине ылайык, суучул куткаруучулардын күжүрмөн, кесиптик жана атайын даярдыгын текшерүү максатында кезектеги иш чара өткөрүлдү.
Иш-чарада Бишкек шаарында 58, Ош шаарында 21 суучул куткаруучу кесиптик даярдыгын көрсөтүштү.
Белгилей кетсек буга чейин республика боюнча бардык суучул куткаруучуларга алгач теориялык сабактар өткөрүлгөн. Муну менен катар суучул куткаруучулардын физикалык жана психологиялык абалдары текшерилип, көрсөтүлгөн нормативдер тапшырылган.
Бул иш-чара жайкы туристтик сезон алдында суучул куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгын, кесиптик тажрыйбасын баалоо максатын көздөйт.
Иш-чаранын жыйынтыгы менен кесиптик даярдыктары боюнча талапка ылайык келбеген суучул куткаруучуларга жана алардын башчыларына тиешелүү чаралар каралары белгиленген.