Суучул,өрт өчүрүүчү Фархат Азизов:” Кызмат учурунда көргөн кыйынчылыктарыбыз элдин батасын алганда унутулат”

ӨКМдин Сокулук райондук №23 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү-суучулу, сержант Фархат Азизов Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата “Эрдик” медалы менен сыйланды.
Президент Садыр Жапаровдун колунан сыйлык алган Фархат Азизов өз кызматынын оордугуна карабай, суучул-өрт өчүрүүчү кесибин аркалап жаткандыгы менен сыймыктанарын айтат.
Ары оор, ары түйшүктүү кесиптин ээси болгон каарманыбыз Фархат Азизов менен төмөндөгү тасма аркылуу тааныша аласыз.