Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун түзүлгөнүнө 13 жыл толду.
Тарых барактарына кайрылсак, 2009-жылы 18-декабрда Кыргыз Өкмөтүнүн токтомунун негизинде Суучулдар борбору түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө борбор республика боюнча алдыңкы суучулдарды жана суу куткаруучуларды окутуп, сууда жүрүү, куткаруу боюнча жогорку деңгээлдеги адистерди даярдап келет.
Бул борбордун суучулдары өлкө аймагындагы бардык суу акваторияларында, суу объекттилеринде куткаруу жана суу астындагы техникалык мүнөздөгү иштерди, маселен Кыргызстандын аймагындагы ГЭС, Суу сактагычтарда оңдоо жана ширетүү иштерин жүргүзүп келишет.
ӨКМдин куткаруучуларынан сырткары республика боюнча менчик пансионаттарда, бассейндерде эмгектенген суу куткаруучуларын жыл сайын окутуудан өткөрүп, тажрыйба, билимдерин жогорулатып турушат. Ал гана эмес чет өлкөдөн келген суучулдар ортосунда тажрыйба алмашуу жагы жакшы калыптанган.
Суучулдар буга кошумча жыл сайын Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдөгү таштандыларды тазалап келишет. Тилекке каршы билинбеген менен суу астынан миңдеген тонна таштындыны чыгарууга болот. Албетте өкүнүчтүү! Дал ушул ишти биздин суучулдар аткарып, көлүбүздүн тазалыгын сактап келишет.
Ошондой эле суу объектилериндеги коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери борбордун кызматкерлери тарабынан байма-бай өткөрүлүп келет.
Суучул – бул эң кооптуу кесиптердин бири экени талашсыз. Өмүрүн тобокелдикке салган суучулдар үчүн ар бир мүнөт мааниге ээ экени талашсыз!
Биз бүгүн аталган баасы теңдешсиз, кадыры бийик кесип ээлерин куттуктайбыз!!!