Суучулдар борборунун кызматкерлери жат жазуу жазышты
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министрилигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун кызматкерлерине 2022-жылдын 4-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы Кутмырза Жакыбалиевдин алып баруусунда Кыргыз тили кантип пайда болгон?” деген аталыштагы жат жазуу жазышып, мамлекеттик тилде сабаттуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча маек курулду.
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдык мааракесине карата өткөрүлдү.


