Суучулдар иш-тажрыйбасы менен бөлүштү

  • Бүгүн КР ӨКМдин кышкы окутуу планына ылайык министирликтин Борбордук аппаратынын аскер кызматкерлерине атайын окутуу жүргүзүлүп, анда суучулдар кызматынын адистери иш-тажрыйбасы менен бөлүштү.

Бир гана куткаруучулар эмес, бүтүндөй министрликтин аскер кызматкерлери айттырбай келген түрдүү кырсыктарда ыкчам, эң негизгиси туура жардам көрсөтө билүүсү зарыл! Ошондуктан аскерлердин күжүрмөн даярдыгын ар тараптуу бекемдөө, жогорулатуу министрликтин башкы максаты.

Эскерте кетсек, аскерлердин кышкы окуусу ушул айдын башы менен башталып, быйылкы окутуу программасына жаңы өзгөрүүлөр киргени маалымдалган.