”Суудагы куткаруучулар” атайын окуу өтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 16-майынан тарта суу объектилериндеги кырсыктардын алдын алуу жана суудагы адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында КР ӨКМнин Суучулдарды даярдоо борборунун кызматкерлери «Суудагы куткаруучулар» окуусун өткөрүшүүдө.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аламүдүн районунун Ленин айылындагы аскер шаарчасында жана ошондой эле Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бассейндеринде 34 адам окуудан өтүштү.

Эскертке кетсек, суудагы кырсыктардын негизги себептери – жабдылбаган жерлерде сүзүү, суу ичиндеги жүрүм-турум эрежелерин билбөө жана сактабоо, уруксат берилген чектен тышкары сүзүү, сууда сүзүүдө куткаруучу чыптаманын жоктугу, ошондой эле мас абалында сүзүү саналат.