Суусамыр өрөөнүндөгү кулап калган көпүрө кайра калыбына келтирилет

2018-жылы колдонууга берилген көпүрө Суусамыр дарыясына курулуп, эки райондун айылдарын катташтырган милдетти аткарчу.Тунук жана 1-май айылдарынын жашоочулары ушул көпүрө аркылуу жайыттарга чыгып, жашоо-тиричилигин өткөрүп турушкан.

2020-жылы сентябрь айында бул көпүрөнүн ортосу түшүп, эки айылдын байланышы үзүлгөн.

Узундугу 60 метр келген көпүрөнүн ортосу эмне себептен кулап калгандыгын аныктоону көз карандысыз эксперттер колго алган. Натыйжада айыл өкмөтү тарабынан суунун нугу бурулуп, суу көбөйгөндүгүнө байланыштуу тирөөчүнө күч келип көпүрө түшүп калганы далилденген.

Ошондой болсо да бул айылдар мамлекеттин дотациясында экенин эске алуу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көпүрөнү кайра калыбына келтирүү аракетин көрүүдө.

Бул тууралуу төмөнкү видеодон тааныша аласыздар

<iframe src=”https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=314&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Fmchs.gov.kg%2Fvideos%2F455161636445702%2F&show_text=false&width=560&t=0″ width=”560″ height=”314″ style=”border:none;overflow:hidden” scrolling=”no” frameborder=”0″ allowfullscreen=”true” allow=”autoplay; clipboard-write; encrypted-media; picture-in-picture; web-share” allowFullScreen=”true”></iframe>