Сыйлык-сыймык. Телерадио – маданияттын бир бөлүгү

8-декабрь – телевидение жана радио кызматкерлеринин күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкөнүн башкы телеканалдары болгон Улуттук телерадио компаниясынын жана ЭлТР телеканалынын
министрлик менен ар тараптуу тыгыз иштешип, жаңылыктарды коомго кеңири чагылдырып, өмүрүн телерадиого арнаган журналисттерине ӨКМдин «Ардак» грамотасын жана «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 30 жыл жана Өрткө каршы кызматына 95 жыл» аталышындагы мааракелик медалын ыйгарды.
1958-жылы 8-декабрда Бишкектин алгачкы студиясы 194 метр бийиктиктеги телемунара акрылуу ишке кирип, ушул күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүүсү эфирге чыккан. Ошондон тарта телерадио күнү белгиленип келет.
Кыргыз телевидениеси жана радиосу – жаркын тарыхка ээ жана улуттук маданиятыбыздын бир бөлүгү, коомдун күзгүсү. Андыктан учурдагы коомду маалыматсыз, телерадиосуз элестетүү мүмкүн эмес. Миллиондогон адамдарды бириктирип жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн жана энергиясын жаратмандыкка жана жакшылыкка багыттоого жөндөмдүү, зор күч. Өлкөнүн телерадио журналисттери күн-түн дебей мамлекеттин жүргүзгөн саясатын, билим, айыл чарбасы дегеле бардык тармакты кеңири чагылдырып, коомду өнүктүрүүгө, агартуучулукка зор салым кошуп келишет. Телерадио кызматкерлеринин эмгеги ар дайым сөз кылууга, сыйга, сыймыктанууга татыктуу.