Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын имаратында өрт чыкты

ТҮНДҮК-ЧЫГЫШ БАЖЫ КЫЗМАТЫНЫН ИМАРАТЫНДА ӨРТ ЧЫКТЫ
Такталган маалымат боюнча өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун төмөнкү Ала-Арча айылында жайгашкан райондук Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын имаратынын от жагуучу бөлмөсүндө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 01:10дө ӨКМден Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 01:21де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1, авто шаты, саат 01:27де Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1, жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
Тилсиз жоо саат 02:27до чектөөгө алынып, саат 04:00дө толук өчүрүлдү.
Кырсыктын кесепетинен имараттын жыгач устундуу чатырдын 450 чарчы метр аянты, ток берүүчү генератор күйгөн.