Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдар министрлеринин VIII Саммити өттү

Кечээ, 21-декабрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдар министрлеринин VIII Саммити Түркиянын Анкара шаарында өттү.
Министр Бообек Ажикеев башында турган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин делегациясы “Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар министрлеринин VIII саммитине” катышты.
Саммиттин максаты – 2021-жылы Стамбулда өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык кеңешинин кезектеги Саммитинде түрк тарап демилгелеген Түрк мамлекеттеринин жарандык коргонуу механизмин түзүү маселеси талкууланган. Анда табигый кырсыктарга каршы күрөшүүдө көп тараптуу кызматташуу, өзгөчө кырдаалдарда эл аралык оперативдүү жардам көрсөтүү каралып, анын курамына ТМУга катышкан 5 мамлекет (Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан) жана 3 байкоочу өлкө (Венгрия, Түркмөнстан) кирген.
Талкуунун жыйынтыгында Саммиттин катышуучулары аталган Катчылыктын механизмин түзүү маселесин карап чыгып, аны түзүүнүн жол картасын бекитишти.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев өз сөзүндө Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында Жарандык коргонуу механизмин түзүү демилгеси үчүн түрк тарапка ыраазычылык билдирип, өз кезегинде кыргыз тарап бул аянтчаны түзүүнү толугу менен колдоорун жана кырсыктардын алдын алууда мүчө-өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча тажрыйба алмашуу, уюмга катышкан өлкөлөрдүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө туруктуу салым кошуу максатында активдүү катышууга жана аны илгерилетүүгө даяр экендигин баса белгиледи.
Саммиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушуп, анда эки өлкөнүн тиешелүү кызматтарынын өзгөчө кырдаалдарга каршы күрөшүү боюнча мындан аркы кызматташуу маселелери каралды. Ошондой эле тажрыйба алмашуу, биргелешкен окутууларды, машыгууларды өткөрүү талкууланды жана эки тарапты кызыктырган башка маселелер боюнча пикир алмашышты.