Таалайбеков Жакшылык дүйнөлүк чемпионатта экинчи ирет жеңишке жетти

Белградда (Сербия) өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда Жакшылык Талайбеков 1/16 финалга чыгып, 28-октябрь күнү Иорданиялык мушкер менен беттешип жеңишке жетти. Бул анын экинчи жеңиши.

Эске салсак, Жакшылык Талайбеков КР ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүндө улук офицер болуп кызмат өтөп келет.